• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптөгү жаңыланган мектептин ачылышына Айгүл Жапарова катышты

14 Чын куран 202316:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айылында №1 орто мектептин имараты модернизациядан кийин ачылды.

АРИСтен билдиришкендей,салтанаттуу иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков, профессор Ишенгүл Болжурова жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мектептин имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, мектеп энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарына жооп бербегендиктен, жылытуу мезгилиндеги суук класстар окуу процессин ого бетер кыйындаткан. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган. 2022-жылдын май айында башталган оңдоо иштери АРИСтин инженерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, келишимде белгиленген мөөнөттө бүткөрүлгөн.

Количество просмотров: 707