• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түптө селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды 

4 Баш оона 2023 13:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4- августта саат 11:00гө карата Каркыра айыл аймагынын Кең-Суу жана Байзак айылдарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантууга130 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 29 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам жалпы 160 адам жеринде иштеп жатат. Техникалык жумуштарды аткарууга ӨКМден 12, Жарандык коргонуу кызматтарынан 8 техника тартылып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

«Жарандык коргонуу кызматы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Каркыра айыл аймагында ӨК министринин орун басары полковник У.Шамыркановдун көзөмөлүндө Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктук өкүлүнүн жетекчилигинде облустук штаб уюштурулду»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон чогулган сел жогоруда аталган айылдарды каптап, бир катар зыян келтирген.

Количество просмотров: 86