• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түптө жол кырсыгынан 3 адам каза болду

13 Чын куран 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-апрель күнү түнкү саат 23:14 төр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Натыйжада 3 эркек адам (2002-ж.т. К.А., 2001-ж.т. Т.К., 2001-ж.т. Р.К.) каза болуп, 3 эркек адам (2000-ж.т. Т.уулу Б., 2000-ж.т. А.уулу Ы., 2000-ж.т. Ж.Т.) жабыркаган»,-деп айтылат маалыматта.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген.

Количество просмотров: 283