• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түптө жолго асфальт төшөөдө келтирилген 1,4 млн сомдук зыян өндүрүлдү

15 Аяк оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Түп айылындагы жолго асфальт төшөөдө мамлекетке келтирилген 1,4 млн сомдук зыян толук өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-сентябрында Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнын ортосунда Түп айылынын “К” көчөсүнүн 473 метрине асфальт төшөө боюнча келишим түзүлүп, аталган коомго 2 млн 741 миң 591 сом акча каражаты которулуп, асфальт төшөө иштерин ошол эле жылдын 25-октябрына чейин бүтүрүү жагы каралган.

Бирок, Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнын кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, жеке кызыкчылыктар үчүн аткарылган иштердин актысына жалган маалыматтарды көрсөтүшкөн.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Түп айыл өкмөтүнүн жана “Д.Т” ЖЧКнын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Түп айылынын “К” көчөсүнүн 97 метрине гана асфальт төшөлүп, калган 376 метрине бүгүнкү күнгө чейин асфальт төшөлбөгөндүгү такталып, мамлекетке 1 млн 398 миң 203 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 79