Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп, депутаттарга Кыргызстанда «разборкадан» башка кыла турчу ишиңер жокпу деп кайрылды.
Мен 5-чакырылышка депутат болуп келгенде 2010-жылы, КСДП мүчөлөрү мага асылышчы. 2010-жылга чейин мен ӨКМ министри болчумун, кеттик, кубалашты. 6 жыл бою бир тополоң болсо эле ким күнөөлүү? Бакиевчилер күнөлүү дешчү. Анын Кыргызстандан кеткенине тогуз жыл болду. КСДП сиздер өзүңөр жаңы шайланган президентти алып келдиңер. Биз шайлоодон утулдук, кабыл алдык. Эми дагы деле тынчыбай, СДПКнын мүчөлөрү кайрадан тополоң кылып атасыңар. Силердин разборкадан башка жумушуңар жокбу? 2015-жылы шайлоодо келгенсиңер мына депутаттар, бир адамдын атын атап жатасыңар, ошол бир адамдын эсебинен ушул жерде депутат болуп олтурасыңар, — деди Төрөбаев.