• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төрөбаев: Кыргыз-герман кызматташтыгынын өнүгүүсүнө кыргыз тарап кызыктар

14 Чын куран 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германия Федеративдик Республикасынын делегациясы жана герман бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп жатып, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тараптуу өнүгүүсүнө кыргыз тарап кызыктар экенин билдирди.

“Кыргызстан герман бизнесине активдүү катышууга даяр. Баарыбызга белгилүү, Германия бардык тармактарда тынымсыз прогрессти көрсөтүп жатат жана дүйнөдөгү экономикасы жогору мамлекеттердин катарына кирет. Ошол себептүү Германиядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга абдан кызыкдарбыз”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Германиянын “Кнауф” компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча ыйгарым укуктуу директору Александр Блюмгардт Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин, өзгөчө курулуш материалдарын чыгаруучу завод курууга кызыктар экенин билдирди.

“Биз завод куруу үчүн буга чейин изилдөөлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жыйынтыгында Кыргызстандын түштүк аймагына куралы деп чечтик. Учурда аймактагы гипс кендерин карап жатабыз. Бул биз үчүн жана жергиликтүү тургундар үчүн жакшы болмок. Анын арты менен жаңы жумуш орундары түзүлөт”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул компания “Knauf” деген марка менен гипсокартон, штукатурка сыяктуу курулуш материалдарын чыгарат жана дүйнөнүн 90 мамлекетинде иш алып барат. Ал эми бир жылдык жүгүртүүсүнүн көлөмү 15 млрд еврого жакын.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле герман ишкерлери тарабынан сунушталган Кыргызстандын аймагындагы автотранспорт каражаттарын комплекстүү оңдоо долбоору колдоого алынаарын кошумчалады.

Герман ишкерлери менен болгон жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сертификациялоочу лаборатория түзүү жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери каралды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши түзүлүп биринчи жыйыны өткөрүлгөн, кеңештин негизги максаты Кыргызстанга герман ишкерлерин тартуу жана аларга инвестициялык климатты түзүп берүү.

Количество просмотров: 63