• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркай боюнча кызматтык иликтөө аяктады

19 Баш оона 2023 8:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү окуяга байланыштуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын катышуусунда кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, 26 жаштагы А.А. аттуу бейтап төрөт үйүнө 10-август күнү түшкөн. Ооруканага түшкөндө клиникалык протоколдорго ылайык төрөт ыкмасын тандоо туура тандалган. Медицина кызматкерлери тарабынан төрөт жүргүзүүдө кемчиликтерге жол берилген.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2023-жылдын 18-августундагы буйругу менен төрөт учурундагыларга медициналык жардам көрсөтүүгө катышкан медицина кызматкерлерине карата дисциплинардык жаза чаралары кабыл алынды.

Мындан ары мыйзам бузууларды азайтуу максатында облустун саламаттыкты сактоо координаторуна төрөт учурундагы, толгоодогу жана кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча көзөмөлдү күчөтүү сунушталды.

«Учурда жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу дайыма көзөмөлдө. Антибиотик терапиясынын башталган курсу уланууда. Баланын абалын көзөмөлдөөнүн сапаты канааттандырарлык. Дарылоо Улуттук клиникалык протоколго ылайык жүргүзүлөт. Төрөттөн кийинки келиндин абалы салыштырмалуу канааттандырарлык», — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Количество просмотров: 380