• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Төрөт учурунда даарыгерлер баланын башына сайып алышкан

4 Чын куран 201918:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2019.Govori.TV.

Жалал-Абаддын Токтогул районунун төрөт үйүндө даарыгерлер эненин курсагындагы ымыркайды өлүк деп ойлошуп, баланын башына сайып алышкан. Бул тууралуу көз жарган аялдын туугандары кабарлаганын «kaktus.media» жазып чыкты.

«Окуя 17-мартта болгон. Түйүлдүк чоң болгондуктан келинибиз төрөй албай бир күн кечке кыйналган. Дарыгерлер эч нерсе кыла алышкан эмес. Андан соң гинекологдор бала өлүк экенин айтып, баланы бөлүп алып чыгуу керектигин айтышты»,- деп айтылат маалыматта.

Келиндин күйөөсүнүн жакындары ага макул болбой кесарево жолу менен төрөтүүнү айтышкан. Бирок, даарыгерлер баланын башын курч буюм менен тилип ийгенге жетишишкен.

Ребенку проткнули голову во время родов, думая, что он мертв (осторожно, фото)
сүрөт kaktus.media

Операция 2 сааттан соң жасалган. Медсестра баланы кандан тазалап коеюн деп жууп баштаганда анын тирүү экени билинген.

Дарыгерлер күнөөсүн моюнуна алышкан эмес.

Ал эми саламаттык сактоо министрлиги бул билдирүү тууралуу кызматтык иликтөө жүрөөрүн билдиришкен.

Количество просмотров: 20