• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Төрага Дастанбек Жумабеков Баку шаарына учуп кетти

17 Бештин айы 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) IX пленардык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Ассамблея кеңешинин отурумуна, ошондой эле “Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: Тынчтык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө” темасы боюнча пленардык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын отуруму да мерчемделген.

Белгилей кетсек, иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан парламенттеринин жетекчилери да катышат.

Количество просмотров: 381