• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Төрага депутаттарга: Парламент жакпайбы, сиздерди эч ким кармаган жок

14 Бугу 202014:38 Бишкек Govori.TV

Депутат Кенжебек Бокоев парламентте регламент бузуу өнөкөт болуп калганын айтып, төраганы сындады.

Ал мындай пикирин бүгүн шайлоо босогосун белгилөө боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирген.

«Параламент парламент болбой калды. Айыл өкмөттөрдү түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору үч жылдан бери каралбай жатат. Каалаган мыйзамды карап, жакпаганын күн тартибине киргизбей жатасыздар. Эмне үчүн кош стандарттуулук болуп жатат? Парламенттин сапаты ошондон кетип жатат. Регламенттин бузулушу боюнча 20-30 фактыны билем. Комиссия түзүп бузгандарга чара көрүүнү сунуш кылам», — деп кайрылды Бокоев.

Бирок мындай сынды төрага кабыл алган жок. Парламент жакпаса депутаттарды эч ким кармабай турганын айтып, кызматтан кетип калууга ишарат кылды.

«Бул мыйзам долбоору боюнча регламент бузулган жок. Баары өзүнүн жолу менен кетти. Эми этияттап сүйлөйлү, бири-бирибизге сөз тийгизбейли. Парламент жакпайбы, сиздерди эч ким кармаган жок. Антип эмне кекетип сүйлөйсүздөр. Эч ким кармаган жок сиздерди», — деди Жумабеков.

Кийинчерээк кезек менен микрофон алган депутат Исхак Масалиев төрага Дастан Жумабековго кайрылып:

Азыр эле интернетти окуп чыктым. Сиз депутат Кенжебек Бокоевге жакпаса парламенттен кетип кал деген реплика таштадыңызбы?

Д.Жумабеков: Мен эч кимдин атын атаган жокмун.

И.Масалиев: — Бирок Кенжебек Бокоев сын-пикир айтканда ушинтип айттыңызбы?

Д.Жумабеков: — Мен бул парламент кимге жакпаса, анда эч ким кармабайт дедим.

И.Масалиев: — Мен айтат элем, урушабыз-талашабыз, бирок кандай болсо да андай сөзгө барбашыбыз керек.

Д.Жумабеков: — Исхак Апсаматович, анда сиздер да бири-бирибизди сыйлап, ортоңку микрофонго жеткенде бири-бирибизге абайлап сүйлөйлү. Эмне сиздерге болот да, башкаларга болбойт бекен? Же микрофон сиздер үчүн эле турдубу? Мага карата ошондой сөздөр айтылды, анан мен жооп беришим керек болду. Кеп ошондо болуп жатат.

И.Масалиев: — Сиздики туура эмес деп койсоңуз деле болот эле, кетип кал деген туура эмес. Сиз жөнөкөй депутат эмес, төрагасыз. Бир аз жоопкерчилик чоңураак.

Д.Жумабеков: — Мен кетип кал деп эч кимге айткан жокмун.

Количество просмотров: 360