Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сессиянын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйын берди.
Анда ал депутаттар жакшы иштеп жатканы үчүн көп сын айтылып жатканын белгилеп өттү.
Ал эми коомчулукта айтылган «депутаттардын санын кыскартыш керек» деген суроого өлкө үчүн парламентарийлердин саны жетиштүү деп жооп берди.
«Албетте, депутаттардын санын кыскартуу маселеси мыйзам боюнча чечилет. Ал эми менин жеке пикирим боюнча, депутаттардын саны жетиштүү. 120 депутат биздин мамлекетке туура келет. Депутаттардын санын 35, 75 кылыш керек дегендер да болуп жатат. Эгер ушундай аз болуп калса, алар монстр болуп кетти деген да кептер чыгышы ыктымал», — деди Жумабеков.
Эске салсак, эл өкүлдөрү өткөн жумада каникулга чыккан. Кийинки сессия 1-сентябрда башталат.