• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Төрага Мамытов карыяларды куттуктады

1 Тогуздун айы 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төраганын куттуктоосу:

Кадырман карыялар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз эли – байыртан эле аксакалдарын кадырлап, аксаамай энелерин ардактап келген калк. Кезинде мекенибизди коргоп, оорукта иштеп, журт камында жүрүп, уул-кыздарды өстүрүп, кадырлуу куракка жеттиңиздер. Азыр да турмуштук бай тажырыйбага жуурулушкан акыл-насаатыңыздар, кеп-кеңешиңиздер менен ар бир үйдүн төрүнүн куту болуп, коомубуздун тиреги болуп келесиздер.

Карылар – биздин кутубуз, көөнө нарктын көөнөргүс казынасы. Кайсы доор, кандай заман болбосун, карысын сыйлай албаган коомдун келечеги арсар, карысын ардактай албаган элдин келечеги бүдөмүк болот. Алар биздин жылуу мамилебизге муктаж. Анын ичинде мамлекеттин абалы да улгайган адамдарына жасаган камкордугуна, кайрымдуу мамилесине жараша бааланары бышык.

Карыялар – турмуштун эң оор учурун баштан кечирип, тагдырдын далай татаал сыноосунан тайгылбай өткөн, өз мүдөөсүнө жеткен адамдар. Ушул тапта Кыргызстанда 700 миңден ашуун пенсия курагындагы жарандарыбыз бар, Алардын ар бирине жакындан жардам берилүүгө тийиш. Ошондон улам, мамлекеттик бийлик, анын ичинде Жогорку Кеңеш өлкөдөгү улгайган жарандарыбызды социалдык жактан камсыздандыруу жана коргоо чараларына артыкчылыктуу маани берип келет.

“Карысы бардын – ырысы бар” дейт, мындан ары да белди бекем бууп, арабызда аман-эсен жүрүп, бала-бакыраңыздардын жакшылыгына ортоктош болуу менен, өтөлгөлүү өмүр сүрө беришиңиздерге тилектешмин.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, бардар турмуш каалайм.

Количество просмотров: 126