• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Төрага Мамытов Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

7 Бештин айы 2020 17:47 Бишкек Govori.TV

Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Россия Федерациясындагы иш сапары бүгүн, 7-декабрда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, төрага Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскерди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.

Количество просмотров: 159