• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төрага Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды

26 Кулжа 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды.

Парламенттен билдиришкендей, расмий иш сапардын алкагында Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

Количество просмотров: 55