• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Жогорку Сот өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартты». Мамытовду каттоо жөнүндө эксперттердин билдирүүсү…

10 Жетинин айы 2021 18:18 Бишкек Govori.TV

«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовду каттоо жөнүндө билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө аталган уюмдар бул маселеге мониторинг жүргүзүшкөнү айтылат.

«КР БШКнын Т.Мамытовду КР ЖК депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө чечими КР конституциялык Мыйзамынын ченемдерине негизделген деп эсептейбиз. Бирок кийинчерээк Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 28-октябрындагы чечими менен мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган.

Бул ишке коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары көз салып, Бишкек шаарынын административдик сотунун отурумуна угуучу катары да катышты. КР БШК Жогорку сотко кассациялык даттанууну бергенден кийин, байкоочулар да бул ишке көзөмөлдү улантышкан.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен КР БШКнын кассациялык даттануусу кайтарылган. Кайтарууну негиздөөдө иретинде Жогорку Сот КР БШК өкүлүнүн ишеним каты талаптагыдай жол-жоболоштурулбаганын көрсөттү. Бирок, КР БШК берген маалыматка таянсак, 2021-жылдын башынан бери бул ишеним кат КР БШКнын өкүлү тарабынан бардык соттордо, анын ичинде Жогорку Сотто да, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону, референдумду жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө да колдонулган. Бул ишке чейин ишеним кат Жогорку Сотто эч кандай дооматтарды жараткан эмес. Ошону менен бирге, КР БШК өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Т.Мамытовдун ишин кароодо берилген ишеним кат Бишкек шаарынын административдик соту тарабынан да тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн.

Мындай кырдаалда Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту чындыгында бул ишти кароо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартты деп эсептейбиз, бул өлкөнүн сот түзүмүнүн беделине жакшы жагынан таасир этпейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул ишти маңызы боюнча карап, бул маселе боюнча акыркы чекит коё турган чечим чыгарышы керек эле деп эсептейбиз. Бирок, тилекке карышы бул ишке ашкан жок.

Шайлоо процессин жана жарандардын шайланган бийлик органдарына ишенимин мыйзамдаштыруу үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучулары жана биринчи кезекте талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн бардык аракеттерин мыйзам чегинде ишке ашыруусу абдан маанилүү экенин белгилейбиз», — деп жазылат билдирүүдө.

Билдирүүнүн толук тексти менен төмөнкү жактан таанышсаңыз болот.

Количество просмотров: 224