Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити кийинки жылы Азербайжанда өтөт
Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити кийинки жылы Азербайжанда өтөт
3 Аяк оона 201816:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.09.2018.Govori.TV.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтөт. Бул тууралуу кеңешке жаңы баш катчы болуп бекитилген, Казакстандын өкүлү Багдат Амреев билдирди. Ал Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, «жакын арада толук кандуу мүчө болот» деп ишенерин кошумчалады.
3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылган эле.
Саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди.
Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. Анын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык органдары реформаланарын Амреев билдирди.