• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркия Кыргызстандан ФЕТӨ уюмуна мүчө делген 130 кишини берүүнү талап кылды

5 Аяк оона 2018 16:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV
Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын маанилүү бөлүгү, өлкөдөгү ФЕТӨ уюмунун ишмердиги тууралуу болгонун Sputnik, Түркия маалымат агенттиги Hurriyet гезитинин Анкарадагы кабарчысы Ханде Фыратка таянуу менен жазып чыкты.
Түркиянын жогорку кызматта иштеген аткаминерлеринин бири Кыргызстандагы ФЕТӨ уюму боюнча акыркы абалды мындайча түшүндүргөн:
«Кыргызстан менен башка мамлекеттер ФЕТӨ уюмунун көздөгөнү эмне экенин, анын ичинде өзгөчө жашыруун имамдар тууралуу маалыматы бар деп ишенгим келет. Бул нерсени түшүндүрүп, ачык айтып жатабыз жана уланта беребиз. Түркиянын колунда Кыргызстандагы ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар 130 кишинин тизмеси бар, аны Кыргызстанга бердик. Биз тизмедеги 13 кишини биринчилерден болуп бергиле деп жатабыз. Алар жогорку кызматтарда отурат жана уюмду башкарат. Арасында Орто Азия имамы да бар. Анын аты, фамилиясы, эмне иш кылары боюнча бардык маалыматтар камтылган», — деди аткаминер.
Эске салсак, эки тараптуу жолугушуулардан кийин КР президенти Сооронбай Жээнбеков ФЕТӨ уюму боюнча өзүнүн так пикирин айткан. Анда өлкө башчысы дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген мектептер толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө экенин жана кимде ким кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турган кадамдарга барса катуу жоопкерчиликке тартыларын билдирген.
Количество просмотров: 24