• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган кабылган автотыгын. Тиешелүү министрликтер жазаланат

12 Аяк оона 2018 15:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Ысык-Көлдө өткөн, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кайтып, «Тамчы» аба майданына багыт алган учурда  автотыгынга кабылган. Буга байланыштуу тиешелүү министрликтер жазаланып айрымдары кызматынан бошотулат.
Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын коопсуздук кенешинин катчысы Сагынбаев Дамир , Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Мындан сырткары “ички аскер” түзүмүнө эч кандай каражат коробой тургандыгын белгиледи.
 “Коопсуз шаар” долбоору боюнча утушка ээ болгон компанияда кемчиликтер болсо тиешелүү чаралар көрүлөт деп белгиледи.
Эске салсак, 3-сентябрда Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттеринин жубайлары Ысык-Көлдөгү “Кырчын” этношаарчасында көчмөндөрдүн маданияты менен таанышышкан.
Алар этнобазарды кыдырышып, кыргызстандыктар менен баарлашышкан. Андан соң кетээр убагында, Кырчындан шаарга болгон жолдо унаа тыгыны пайда болуп, анда Түркиянын Президентинин жубайы Эмине Эрдоган дагы 1.5 сааттай турганын алгач, Govori.TV агенттиги жазып чыккан.
Ошол убакытта Режеп Тайип Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын күтүп турганы белгилүү болду. Бул казустан кийин тиешелүү министирликтердин жетекчилери сөгүш алганы айтылды.
Жакынкы арада күнөлүүлөр жазаланып, айрымдары кызматынан бошотулушу мүмкүн.

 

Количество просмотров: 22