• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркия мындан ары Turkey эмес, Türkiye деп атоону талап кылат

1 Кулжа 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Түркия мамлекети Бириккен улуттар уюмуна өлкөнүн жаңы расмий аталышын, Türkiye деп өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, билдирүүнү аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолдогон.

«Президент Эрдогандын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн процесс жыйынтыкталды. Өлкөнүн брендин таанытуу максатында эл аралык аренада Turkey деп таанылган өлкө аталышын Türkiye деп расмий өзгөрткөнүбүздү сыймыктануу менен жар салабыз», — деп жазган ал.

Маалыматта Анкара бийлиги бардык эл аралык документтерде өлкөнүн аталышы Türkiye деп көрсөтүлүшүн талап кылганы айтылат

Теги:
Количество просмотров: 177