• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Түркияда 28 жаштагы кыргызстандык аялдын моюну кесилген

31 Үчтүн айы 2022 13:36 Бишкек Govori.TV

Түркияда Кыргызстандын 28 жаштагы П.Т. аттуу жараны моюнунан жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазды.

Андагы маалыматтар боюнча, окуя 17-январь күнү кечинде Стамбул шаарындагы мейманканада болгон. Жабырлануучунун айтымында айтымында, ага 40 жаштагы К.Т. аттууу жаран кол салган. Ал аны 3 айдан бери тааный турганын, ортодо сүйүү мамилеси болгонун билдирди.
Ошондой эле жабырлануучу аял окуя болгон күнү К.Т. менен урушуп кетип, жуунганы кеткенин, ошол учурда сыранын бөтөлкөсү менен аны башка чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен моюнун кескенин айтты.

Аялдын пикири боюнча, кол салган жаран (К.Т.) ага үйлөнгүсү келген, бирок сунушун четке кагып келгендиктен уруш чыгып турган.

Полиция аны кармады. Бирок ал коюлган күнөөнү четке кагууда. Өзүнүн айтымында, жабыркаган аял өзү суицидге барган. Ал (шектүү) П.Т. менен көбүнчө мейманканада жолугуп келгенин, окуя болгон күнү сүйүктүүсү мас болчу экенин жана кызганычтан улам уруш чыкканын билдирди.

Эркектин айтуусу боюнча, кайым айтышуудан кийин аял сыра куюлган стакан менен жуунучу жайга кирип кеткен, андан кийин стакандын сынганын уккан. Жуунучу жайга киргенде аялдын колундагы жаракаттарды көргөн. Ал анын колунан агып жаткан канды токтотууга аракет кылган, бирок сүйүктүүсү өзүнө жаракат келтирүүнү уланта берген. Ал өзү да жаракат алганын белгилеп, жалган көрсөтмө бергендиги үчүн П.Т.нын (жабыркаган аял) үстүнөн сотко арызданууга даяр экенин айтты.
Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 94