• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркияда абактан 45 миңдей адам мөөнөтүнөн мурда бошотулат

16 Чын куран 2020 14:02 Бишкек Govori.TV

Түркия коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында түрмөлөрдөн 45 миңдей адамды бошоткону жатат.

Өлкөнүн парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык, мунапыска илингендердин ишин майга чейин сот карайт. Бирок террорчулук үчүн камалгандар бул мыйзамга ылайык эркиндикке чыгкпайт.

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлдүн айтымында түрмөдөгүлөрдүн арасынан 17 кишиден коронавирус аныкталган. Алардын үчөө көз жумду. Ошондой эле Жаза аткаруу кызматында иштеген 79 киши COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду.

Түркияда ооругандардын саны 70 миңге миңге чукулдады.

Количество просмотров: 107