Түркияда коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза болгондордун саны 277 адамга жетти. Акыркы суткада бул илдеттен 63 адам көз жумганын ТРТ саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме берүү менен маалымдады.
Бүгүнкү күндө Түркияда 15,6 миң адамдан коронавирус аныкталды. Министрдин айтымында, өлкөдө 14,3 миң адам коронавируска тест тапшырып, 2,1 миң жаңы учур катталды. Ошондой эле 333 адам бул илдеттен айыкты.