• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркияда бир жумалык аза күтүү жарыяланды

7 Бирдин айы 2023 10:44 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир жумалык аза күтүү жарыялады. Соңку маалыматка караганда өлкөдө зилзаладан курман болгондордун саны 2900дөн ашты, дагы 16 миңге чукул киши жараат алды. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны улам көбөйүүдө. Коңшу Сирияда мерт болгондордун саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 135