Бишкек.06.07.2019.Govori.TV.
Түркиянын түштүк-чыгышында машинеге коюлган бомба жарылып, үч сириялык мерт кетти. 5-июлда болгон окуя боюнча президент Режеп Тайып Эрдоган «террорчулукка байланышы болушу мүмкүн» деп айтты.
Сирия менен чек арага жакын Рейханлы шаарында болгон жардырууда бир адам жаракат алганы кабарланды. «Рейтерс» агенттиги коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянып, машинедегилердин ичиндеги сириялыктардын бирөө жанкечти болгонун жазды.
Рейханлы шаарында миңдеген сириялык качкын бар. 2013-жылы бул калаада эки автоунаа жардырылып, элүү кишинин өмүрү кыйылган. Арасында беш бала болгон.