• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркияда эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы алынды

18 Бирдин айы 2020 18:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий билдирүүсүнө таянып, 2019-жылдын 26-июнунан тартып Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат министрлиги тарабынан эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы (223 АКШ долларын түзүп келген) алынып салынганын эскертет (учурда түркиялык лирадан которгондо, 175 АКШ долларын түзөт).

Азыркы күндө Кыргызстандын жарандарынын эмгектенүүсү үчүн уруксат акысын Кыргыз Республикасынын жумуш издеген жарандары эмес, Түркиянын аймагындагы жумуш берүүчү тарап түздөн-түз төлөп бериши керек.

Министрлик Кыргыз Республикасынын иштөө үчүн Түркия Республикасына кетүүнү пландап жаткан жана документтерин тариздөө үчүн жеке агенттиктерге кайрыла турган жарандарын Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн акча төлөбөөгө чакырат.

Иштөөгө уруксат алуу үчүн акы төлөөгө мажбурлаган фактылар болгон учурда Министрлик жумуш менен камсыздоочу жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мамлекеттик профилдик орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматына кабарлап коюусун өтүнөт.

Количество просмотров: 66