• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркияда калган «Шайыр апалар» Бишкекке кайтып келишти

25 Жалган куран 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

“Шайыр апалар” фестивалына катышып жүргөн чыгармачыл апалар тобу 25-мартка караган түнү Түркиядан чартердик рейс менен учуп келишти.

Жалпысынан бул рейс менен 63 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Баары тең обсервацияга жаткырылды.

Түркиянын Анталья шаарына эс алганы кетип, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам алтымыштан ашуун кыргыз жараны кайтып келе албай жатканы, арасында “Шайыр апалар” да бар экени буга чейин социалдык түйүндөрдө кабарланган.

“Шайыр апалар” фестивалын КТРКнын «Маданият» каналы уюштуруп келет. Саамалык энелердин башын бириктирүү, кыргыздын унутта калган чыгармаларын, маданий баалуулуктарын даңазалоого багытталганы айтылган. Анын катышуучулары, өлкөнүн ар тарабынан келген апалар жана аталар өнөрүн тартуулашат. 

Количество просмотров: 912