Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы М.И. аттуу кыргызстандык жаранды атып кетишти. Бул туурасында haberler.com. маалымдайт.
Болжол менен 40 жаштагы эркек киши ок чыгарып окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Бирок аны ошол эле шаардын башка аймагында кармашты.
Окуяга күбө болгон милицияга тез кабар берген. Бирок М.И. алган жаратынан ооруканада каза болду. Анын сөөгү өлүк канага жеткирилди.