• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркияда мыйзамсыз миграцияны уюштурган 39 киши кармалды

18 Баш оона 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштурган деген шек менен 39 адам кармалды, алардын бешөө – чет элдиктер. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

Анын айтымында, 26 киши камакка алынды, 13ү коё берилди – алар сот көзөмөлүндө болот.

Министрдин билдиришинче, операция Анталья, Мугла, Измир жана Балыкесир провинцияларында жүргүзүлгөн.

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча рейддер президенттик шайлоодон кийин башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Стамбулда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер күн сайын жүргүзүлүүдө. ЖМКлар полиция кызматкерлери бир күндө Түркиянын баш калаасында эле жүздөгөн адамдарды кармап жатканын, кармалгандардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары бар экенин жазып чыгышкан.

Али Йерликая ушундай рейддер өлкөнүн бардык облустарында жүрүп жатканын айтып, өлкөдөгү мыйзамсыз миграция көйгөйүн чечүү министрликтин приоритеттүү маселелеринин бири экенин баса белгиледи. Анын белгилешинче, акыркы эки айда Түркияда мыйзамсыз мигранттарды кармоо боюнча 2548 операция жүргүзүлүп, 35 миңден ашык мыйзамсыз мигрант кармалып, анын ичинен 17 миңден ашуун адам өлкөдөн чыгарылды.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен барышкан. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей жатканы айтылып келет.

Количество просмотров: 89