• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түркияда орус элчиси Карловду өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

16 Баш оона 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Түркиянын атайын кызматтары 2016-жылы Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшү боюнча дагы бир шектүүнү кармады. Бул тууралуу Hurriyet маалымат булактарына таянуу менен билдирди.

Алардын айтымында, аял Карловду атып, өзү кылмыш болгон жерде өлтүрүлгөн мурдагы полициячы Мевлүт Алтынташтын таанышы болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Басылманын маектештери кармалган аял “ФЕТО” кыймылынын (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) тарапташы экенин айтышкан. Түркияда бул кыймыл террордук уюм катары таанылган. Шектүүнүн аты-жөнү айтыла элек. Маалым болгондой, ал Стамбулда кармалган.

Орусиянын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Андрей Карлов 2016-жылы декабрда Анкарада «Орусия түрктөрдүн көзү менен» көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөп жатканда өлтүрүлгөн.

Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы Мевлүт Алтынташ Карловду атардын алдында «Аллаху Акбар! Алеппону унутпагыла!»деп кыйкырган. Бир нече мүнөттөн кийин ал коопсуздук күчтөрүнүн огунан өлгөн.

2021-жылы сот Карловдун өлүмү боюнча беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Сегиз айыпталуучу беш жылдан 15 жылга чейин кесилген. Алты киши акталган.

Количество просмотров: 83