• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркияда сойкулар жашынган бөлмө табылды. Арасында кыргызстандыктар бар

29 Аяк оона 2020 12:44 Бишкек Govori.TV

Түркияда Кыргызстан жана Молдовадан келген сойкулар жашынган бөлмө табылды. Бул тууралуу туркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Трабзон шаарынын полициясы сойкулук боюнча операция жүргүзүп жатып, мейманкананы текшерди. Ал жерде жылыткычтын артында жашыруун бөлмө бар экени аныкталды. Полиция кызматкерлеринин пикиринде, мейманкана ээси рейд учурунда сойкуларды ошол бөлмөгө жашырчу.

Текшерүү убагында бөлмөдө үч аял бар экен. Алардын экөө Кыргызстан жараны, бирөө — молдовалык. Сойкуларды депортациялоо үчүн миграция кызматына жеткиришти. Мейманкана ээси камакка алынды.

Количество просмотров: 2128