• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түркияда теракт даярдоо шеги менен 33 киши кармалды

11 Жалган куран 2024 9:10 Бишкек Govori.TV

Түркияда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобуна байланышы бар деген шек менен 33 киши кармалды. Алар 31-мартка белгиленген жергиликтүү шайлоолордун алдында кол салууларга даярдык көргөн деп болжолдонууда.

Түркиянын антитеррордук полициясы кабарлагандай, өлкөнүн түндүк-батышындагы Сакарья шаарында жүргөн рейд учурунда курал-жарак, нак акча жана «уюштуруу иштеринин документтери» табылган.

Өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая кармалган адамдар мыйзамсыз мечит жана диний мектептерде иштеп, ИМ тобуна каржылык колдоо көрсөтүп жүргөнүн билдирди.

Түркияда акыркы 10 жылдын ичинде «Ислам мамлекетине» байланыштуу көптөгөн кол салуулар болгон. Быйыл январь айында Стамбулдагы чиркөө аткыланып, бир кишинин өмүрү кыйылса, 2015-жылы октябрь айында Анкарадагы тынч митингге кол салууда 100 киши мерт болуп, 246 адам жараат алган.

Булак: centralasian.org.

Теги:
Количество просмотров: 52