• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркиядагы өрт. Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

2 Баш оона 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясындагы адам өмүрлөрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Буга чейин Түркиянын 21 облусунда 71 токойдо өрт чыккан. Тилсиз жоо адам өмүрүн алып, миңдеген тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Количество просмотров: 224