• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түркиядагы шайлоо: Алдын-ала жыйынтык боюнча Эрдоган алдыда келе жатат

15 Бугу 20239:14 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 50,2%ын колдоосуна ээ болду.

Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 44% топтоду. Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес, айтымында анын партиясынын эсебинде Эрдоган артта калууда.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулардын жалпы саны 64,1 миллионду түзөт. Алардын ичинен 3,4 млн адам чет өлкөдө жүрөт. Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн добуш берүү мөөнөтү 9-майда аяктаган.

Президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышкан. Алардын катарында азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана АТА альянсынан Синан Оган.

Количество просмотров: 181