• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркиядагы жер титирөөдө 35 киши жараат алды

23 Жетинин айы 2022 12:47 Бишкек Govori.TV

23-ноябрда Түркиянын Дүзже аймагында күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү баш калаа Анкара, Стамбул, Бурса жана Измир шаарларында да сезилди.

Ички иштер министри Сулайман Сойлу аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалы такталып жатканын Твиттерге жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 35 киши жараат алганын кабарлады.

Түркиялык маалымат каражаттары дубалдары кулаган үйлөр жана имараттар бар экенин кабарлашууда.

Түркияда эң күчтүү жер титирөө 1999-жылы 17-августта да ушул Дүзже аймагында болгон. Кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган. 

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 83