• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди

14 Бирдин айы 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

14-февралда Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандык мекенине алып келинди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сөөк Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Хатай шаарында урандылардын астында Кыргыз Республикасынын жараны Б.М. каза болгондугун жазып чыгышкан. 1986-жылы туулган. Кийинчерээк КР ТИМи кыргызстандык аялдын каза болгонун тастыктаган. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.

Количество просмотров: 125