• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык бир аял жабыркаган

7 Бирдин айы 2023 11:56 Бишкек Govori.TV

Түркияда жер титирөөдөн улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бидиришти.

Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет.

Адана шаарында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРдын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.

​​

Количество просмотров: 162