• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 45 миңден ашты

6 Жалган куран 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 968 адамга жетти. Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлунун маалыматына ылайык, биринчи жер титирөөдөн бери 13 миңден ашуун жолу жер силкинген. Жалпысынан 26 миң 300 имарат ураган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

Количество просмотров: 71