Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44 миң 370 адамга жетти. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.
Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.
Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди. Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.