• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Түркиядагы зилзала: казакстандык куткаруучулар 85 кишинин сөөгүн алып чыгышты

15 Бирдин айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы казакстандык куткаруучулар урандылардын алдынан 85 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Арасында он бала бар. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ушул тапта казакстандык адистер Түркиянын эки калктуу конушунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Бир топ Газиантеп шаарындагы толугу менен кыйраган тогуз кабаттуу үйдө иштеп жатат. Урандылардын алдынан төрт киши куткарылды, 27 адамдын сөөгү табылды.

Экинчи топ алты кабаттуу имараттын урандыларын казып жатат. Ал жактан 24 кишинин сөөгү чыгарылды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги урандылардын алдынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү – атасы жана анын эки баласы аман табылганын кошумчалады.

Түркиядагы жер титирөөдөн үч казакстандык мерт болду. Дагы бир казакстандык келин аман табылды. Ал колунан жараат алган.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды.

Количество просмотров: 57