• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түркиядан 466 кыргыз жараны кайтып келет

29 Кулжа 20209:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чартердик 2 аба каттам уюштурула турган болду. «Пегасус» авиакомпаниясынын Стамбул—Бишкек багытындагы учактары 2-4-июль күндөрү саат 08:00дө Стамбул шаарындагы Сабих Гөкчен атындагы эл аралык аэропорттон учуп чыгат.

Кезек менен 233 жүргүнчүгө билет берилип, жалпы 466 жаран кайтып келет. Ал эми билеттер 1-июлда саат 02:00гө чейин, 4-июлдагы каттамдын жүргүнчүлөрүнө 3-июлда саат 02:00гө чейин элчилик жана башкы консултук тарабынан түзүлгөн тизме менен сатылат. Билет 220 долларга, 2 жашка чейинки балдар үчүн 23 долларга бааланат.

Количество просмотров: 73