17-апрель күнү Стамбулдан учуп келген жарандар Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасына обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
«Бүгүн, 17-апрелде түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак-Кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат», — деп жазылат маалыматта.