• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Түркиядан компьютердик томограф мыйзамсыз алынып келген

6 Теке 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Түркиядан Кыргызстанга компьютердик томограф мыйзамсыз алынып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Philips Brilliance үлгүсүндөгү компьютердик томограф 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаарындагы «К» медициналык клиникасына түркиялык PCR LTD (баштапкы тамгалар өзгөртүлгөн) фирмасынан «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу менен алынып келген.

Компьютердик томографты алып келүүдө медициналык компаниянын өкүлү М.Я. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) атайылап жалган маалыматтарды берип, «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу боюнча бажылык тариздөө иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган.

Ошол эле учурда «К» медициналык ишканасынын директору М.А. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) Түркиядан Кыргызстанга Philips Brilliance үлгүсүндөгү компьютердик томограф алып келбегендигин, М.Я. аттуу өкүлдү тааныбагандыгын, экспорттолгон түрк компаниясы менен эч кандай келишим түзүлбөгөнүн билдирген.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 255 миң 355 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

Количество просмотров: 89