Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Түркиялык студенттер Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борбору менен таанышты. Конокторду Улуттук китепканадан кыргызстандык студенттер тосуп алды.
Түркиянын «Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында Стамбул, Анкара, Бурса, Конья, Эрзурум жана Элазыг шаарларындагы университеттерде саясат билими, эл аралык мамилелер, коммуникация багыты боюнча окуган 15 чакты студент Кыргызстанга келди.
Түркиялык студенттер Улуттук китепканын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу залдарын көрүп чыкты. Коноктор китепкананын үчүнчү кабатында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда чогулуп, эки элдин достугу, дипломатиялык мамилелер жана мамлекеттик денгээлдеги кызматашуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты. Студенттерге Түркиянын Бишкектеги Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) жетекчиси Али Муслу Түркия менен Кыргызстан ортосундагы достук жана кызматташтык негизинде жасалып жаткан иштер жана түрк элинин кыргыз элине көрсөткөн кайтарымсыз жардамдары жөнүндө айтып берди.
Жыйынтыгында конокторго Түркиянын Кыргызстан үчүн жасаган иштери анын ичинен ТИКАнын долбоору менен таанышмай болду. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер менен таанышуу, Кыргызстандагы телеканалдар жана гезиттерди зыярат кылуу, маданий иш-чаралар уюштуруу пландаштырылды.
Түрк студенттерине Кыргызстанды таанытуу Медиа жана Маданият коомдук бирикмеси Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) «Тажрыйба алмашуу программасынын» алкагында уюштурулду. Жыл сайын түрк студенттерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн жиберет. Быйыл үчүнчүсү уюштурулуп жаткан программанын алкагында 500 дөн ашык түрк студент 36 өлкөгө жиберилди. Алар барган өлкөлөрүнүн маданияты, табияты, меймандостугу менен таанышат.