• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Түркиялыктар кыргыз куткаруучуларын кандай узатты? (видео)

21 Бирдин айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бүгүн Кыргызстанга кайтып келишет.

Социалдык тармактарда аларды жергиликтүү аэропорттун кызматкерлери кол чаап, узатып жаткандагы видео тарады. Кадрдан кызматкерлер менен чогуу жүргүнчүлөр да кол чаап, ыраазычылыктарын билдирип жатышкандыгын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулардын биринчи тобу 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да, ал эми экинчи тобу эртең мененки саат 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конот.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 83