Түркиянын Диярбакыр шаарында бомба коюлган унаа жарылды. Жарылуудан тогуз полиция кызматкери жараат алды. Бул тууралуу шаардык бийлик Twitter баракчасына билдирди.
Маалыматка караганда, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:00 чамасында болгон. Полиция эки шектүүнү кармаганын CNN Turk кабарлады.
«Милиция кызматкерлери ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө коркунуч жок», — деп билдиришти жергиликтүү бийликтен.
Белгилей кетсек, Диярбакыр Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан, калкы 1 миллионго жакын.