• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат

2 Кулжа 2021 11:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат. Чогулгандар белгисиз болуп жаткан «Сапат» эл аралык билим берү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылып жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ да мындай талаптарды айткан жарандар элчиликтин алдына чогулушкан.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инандынын унаасы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Количество просмотров: 219