• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түркиянын президенти Эрдогандын селден жабыркагандарга нан ыргытканы сынга кабылды

28 Теке 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган суу ташкынынан жабыркагандардан кабар алган учурдагы видео жарыяланды.

Анда мамлекет башчы селден жабыркагандарга нан ыргытып жатканы интернет колдонуучулардын сынына кабылды. Ал эми айрым маалымат агенттиктери баштыктарда нан эмес, суу же чай болгонун жазышууда.

Эске салсак, 22-июлда Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ризе жана Артвин провинцияларында нөшөрдөн улам катуу сел жүргөн. Дарыянын суусу жээктен ашып, райондун борбору жана айыл жолдорун каптады. Ушундай эле көрүнүш Ризе провинциясындагы Фындыклы аймагында дагы болгон.

Количество просмотров: 3030