• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түркиянын президенти кыргыз куткаруучуларына сыйлыктарды тапшырды

26 Чын куран 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.

Сыйлоо аземине КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Количество просмотров: 59