• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

8 Үчтүн айы 202417:01 Бишкек Govori.TV

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан  8-9-январда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Хакан Фидан Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.

Количество просмотров: 76