Түркиянын Ван облусунда кар көчкүдөн каза тапкандардын саны 33 кишиге жетти. Бул тууралуу ТРТ Аваз телекомпаниясы билдирди.
Бахчесарай районунда кечээ кечинде кар көчкүнүн астында калган микро автобустагы эки кишини издөө иштерин жүргүзгөн куткаруучу топтун үстүнө кар көчкү түштү.
30дан ашуун адам куткарылып, 33 адамдын жансыз денеси табылды.
Ван губернатору Мехмет Эмин Билмез, кар көчкүнүн астында калгандыгы божомолдонгон 10-15 кишини куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын билдирди